Египет менен Таиландда калып калган 137 турист Кыргызстана кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министри билдирди.
Министрлик Кыргызстандын туроператорлору жана Казакстандын жардамы менен Шарм-эль-Шейхден 126 жана Бангкоктон 11 туристти алып келди.
Алар Алматага конуп, ал жактан Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрүнүн коштоосунда Бишкекке келишти.
Белгилей кетсек, Кыргызстан Россиядан башка өлкөлөргө авиакаттамдарды токтотту.

