12:47
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кыргыз дизайнерлери Екатеринбургдагы мода жумалыгында элдин алкоосуна арзыды

Екатеринбургдун Урал шаарында өткөн «Ekaterinburg Fashion Week» мода жумалыгында кыргыз дизайнерлеринин эмгеги көрүүчүлөрдүн купулуна толду.

Маалыматка караганда, кыргыз дизайнерлери ачуу аземине катышкан. Көрүүчүлөр алардын эмгектерин ордуларынын туруп кол чаап колдошту.

Кыргызстандан Замира Молдошева, Асель Калканова жана башка дизайнерлер катышууда.

«Мен такыр толкунданган жокмун, себеби мындан башка Россия, Индия ж.б. өлкөлөрдө да көргөзмөгө катышып келгенмин. Бул жаатта тажрыйбам жетишээрлик десем болот», — деп билдирген Асель Калканова.

Ал «Алайдан Ааламга» аталышындагы коллекциясын көргөзүп, кыргыз элинин элечеги менен тааныштырып, эл алдында кантип ороо керектигин көргөзүп берди.

Мода жумалыгынын 12-сезону 11-марттан 16-мартка чейин уланат.

Ал эми бул 6 күн бою Уралдын аянтчасындагы дизайнерлик өнүктүрүү борборунда Россия, Индия, Болгария, Франция өлкөлөрүнөн барган 50 дизайнерлер жана өндүрүштүк маркалардын жүздөрү жолугушушат. Аны менен катар ар кандай мастер-класстар өткөрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар