01:34
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Ысык-Көлдө эл аралык мода фестивалы уюштурулат

Ысык-Көлдө эл аралык мода фестивалы уюштурулат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, «Көчмөндөр модасы: Ысык-Көл-2019» аталышындагы иш-чара 20-21-август күндөрү Бостери айылындагы «Dordoi Nomad» амфитеатрында өтөт.

Ага Орусия, Кытай, Азербайжан, Кипр, Буратия, Монголия, Якутия, Калмыкия, Корея, Индия, Иран, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Кыргызстандын дизайнерлери чогулат.

Фестивалда ар улуттун кийим-кечеси көрсөтүлүп, иш-чара ыр-күү менен жыйынтыкталат.

Эң көп окулган жаңылыктар