15:38
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстан Гаага сотуна 16 миллион доллар карыз

Кыргызстан Гаага сотуна 16 миллион доллар карыз. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында айтылды.

Депутат Каныбек Иманалиев Кыргызстандын эл аралык уюмдардын алдындагы карыздары көп экенин эске салып, аларды кылдат иликтеп чыгуу жана аларды азайтуу боюнча иштиктүү чараларды көрүү зарылдыгын айтты.

«Мисалы, Кыргызстан эл аралык уюмдарга ылгабай эле мүчө боло бериптир. Мисалы, Кыргызстан Гаага сотуна 16 млн доллар карыз. Мунун баарын тактап чыгышыбыз керек», — деди ал. 

Эң көп окулган жаңылыктар