19:46
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Өткөн жылы өлкөдө 173 миң наристе төрөлгөн

2019-жылы Кыргызстанда 173,5 миң наристе жарык дүйнөгө келген. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Өткөн жылы 2018-жылга салыштырмалуу 2 миң 351ге көп бала төрөлүп, алардын 48,8 пайызы кыздар болсо, 51,2%ы уулдар.

«2019-жылы Ош облусунда 48 миң 952, Жалал-Абадда 32 миң 272 бала төрөлгөн. Бишкекте 29 миң 630 бала жарык дүйнөгө келген», — деп билдиришти Каттоо кызматынан.

Таласта 6 миң 9 наристе, Нарында 6 миң 39 перзент төрөлгөн.

Чет жерде төрөлгөн кыргызстандык наристелердин саны Түркия жана Кореяда көп болгон: 54 жана 52. АКШ, Канада, Швейцария, Сауд Арабиясында 30дан ашык бала жарык дүйнөгө келген.

Эң көп окулган жаңылыктар