Бишкекте төрт жашар кызды сүзүп кеткен айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу Милициянын патрулдук кызматынын башкармалыгы кабарлады.
Маалыматка караганда, 25-февраль күнү 18.45де айдоочу Москва жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде 2016-жылы туулган кызды коюп кеткен.
Жабырлануучу №3 ооруканага жеткирилген.
Айдоочу жана анын унаасы изделүүдө.