UFCнин жеңил салмактагы абсолюттук чемпиону Валентина Шевченконун кийинки атаандашы белгилүү болду. Бул тууралуу спорт басылмалары жазды.
Кыргызстандык мушкер июнь айында Джоанн Кальдервуд менен беттешет.
Эске салсак, 9-февраль күнү Хьюстон шаарындагы беттеште Валентина Шевченко атаандашы америкалык Кэтлин Чукагянды техникалык нокаут менен жеңип алды. Ал аны менен чемпиондук курун үчүнчү жолу коргоду.