07:27
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Сооронбай Жээнбеков Валентина Шевченкону жеңиши менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков Валентина Шевченкону жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Шевченко инстаграм баракчасына жазды.

Мушкердин айтымында, өлкө башчысы ага беттештен кийин телефон чалды. 

«Жылуу куттуктоо үчүн чоң ракмат, урматтуу президент. Биз сөзсүз Ысык-Көлгө барабыз», — деди ал.

Маалыматка ылайык, Валентина Шевченко кечээ, 9-февралда АКШнын Хьюстон шаарында өткөн UFC 247 турниринде америкалык Кэтлин Чукагянды техникалык нокаут менен жеңип, чемпиондук курун үчүнчү жолу коргоду.

Эң көп окулган жаңылыктар