05:55
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өзбекстан чет өлкөгө жумушка жөнөтүүчү агенттиктердин ишин токтотмокчу

Өзбекстан чет өлкөгө жумушка жөнөтүүчү агенттиктер жабылат. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов «Human» агенттигине алданып калган жабырлануучулар менен жолугушуу учурунда билдирди.

Арипов ишке орноштуруу боюнча жеке менчик агенттиктердин ишин токтотуу тууралуу президентке сунуш киргизерин айтты. Анын айтымында, жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу ишин Тышкы миграция агенттиги алып барса максатка ылайыктуу болот.

17-февралда ондогон кишилер Ташкенттеги Эгемендик аянтына чогулуп, мамлекеттик лицензиясы бар жеке менчик агенттиктерден тарткан чыгымдары үчүн компенсация талап кылышкан. Алар менен алгач вице-премьер Азиз Абдухакимов, андан соң премьер-министр Абдулла Арипов жолугушкан.

Жолугушуу учурунда өкмөт башчы президенттин буйругу менен 1 миң 86 киши компенсация аларын кабарлаган.

Өзбекстанда ишке орноштуруу боюнча жеке менчик агенттиктердин ишмердүүлүгүнө 2018-жылы күзүндө уруксат берилген. Мындан кийин 66 агенттик өзбекстандыктарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу үчүн лицензия алган
Эң көп окулган жаңылыктар