UFC чемпиону Валентина Шевченко алты айга мушташтан четтетилди. Бул тууралуу Акипресс маалымдайт.
Техас штатынынын лизенция берүү департаменти Валентина Шевченкону медициналык көрсөткүчтөрдөн улам 6 айга рингге чыгууга тыюу салган.
Бул боюнча азырынча чемпион комментарий бере элек.
9-февраль күнү Хьюстон шаарында беттеш өтүп, үчүнчү раундда Валентина Шевченко атаандашы америкалык Кэтлин Чукагянды техникалык нокаут менен жеңип алды.