16:55
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Валентина Шевченко жеңишин Чикагодогу кыргыздар менен майрамдады

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко 57 кг салмакта америкалык Жессика Айды нокаут менен утуп, чемпиондук наамын коргоп калды. Бул тууралуу UFC уюму кабарлады.

Беттеш АКШнын Чикаго шаарында 8-июнда UFC 238 турниринин алкагында болду.

Шевченко атаандашына үстөмдүк көрсөтүп, экинчи раундда тээп нокаут кылды.

Шевченконун жеңиши менен президент Сооронбай Жээнбеков телефон чалып куттуктады.

Таймаштан кийин Шевченко жеңишин Чикаго шаарындагы кыргыз кафесинде мекендештери менен майрамдады.

Кыргызстанда туулуп-өскөн Валентина Шевченко 2018-жылдын 9-декабрында таймаштын аралаш түрлөрү боюнча UFC мелдешинде жеңишке жетип, чемпион болгон.

Быйыл 8-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков аны «Даңк» ордени менен сыйлаган.

Эң көп окулган жаңылыктар