06:13
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Кыргызстандык спортчу Дубайда рекорд койду

Кыргызстандын спортчусу Айваз Оморканов БАЭда өткөн триатлон боюнча эл-аралык турнирде коло медалга ээ болду.

Турнирде катышуучулар шарт боюнча 1 миң 950 метр сүзүп, 90 чакырымды велосипед менен, 21,5 чакырымды чуркап өтүшү керек.

Кыргызстандык баардык дистанцияны 4 саат 13 мүнөт жана 46 секундада өтүп, Кыргызстандагы спортчулардын рекордун жаңыртты. Жеңүүчү Айваз Оморканов даниялык спортчуга 1 мүнөт жана 45 секундка гана утулду.

Эң көп окулган жаңылыктар