18:58
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Равшан Жээнбековдун камерасынан 2 уюлдук телефон табылды

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери мурунку депутат Равшан Жээнбековдун № 1 тергөө абагында болгон талоончулук тууралуу арызынан кийин аны менен жолугушту. Аталган борбордун башчысы Нурдин Сулайманов 24.kg агенттигине окуянын чоо-жайын айтып берди.

Анын билдирүүсүндө, Жээнбеков менен анын жанында отургандарды эч ким кыйнаган эмес, бирок айыпталуучуларга карата кадыр-баркын кемсинтүү болгон. «Эгер ЖАМКтын кызматкерлери уктоо жарыялангандан кийин тинтүү жүргүзүшсө, алар камерада отургандардын эс алуу укугун бузушту. Бул факт боюнча текшерүү үчүн арызды атайын прокуратурага жолдодук», — деди Нурдин Сулайманов.

ЖАМК тинтүү пландан сырткары болгонун четке каккан жок. «Азык-түлүктөрдүн кутусунда жашырылган 2 телефон табылды. Алардын sim-картасы да болгон. Тинтүү болжол менен саат 21:30дан 22:30га чейин болуп, видеого катталган», — дешти ЖАМКтан.

Мурунку депутат Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды. Буга чейин аны ИИМдин тергөөчүлөрү бир канча жолу суракка алышкан болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар