06:55
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кемпир-Абад ишине бир жыл. Равшан Жээнбеков кайрылуу жасады

Камакта отурган саясатчы Равшан Жээнбеков Кемпир-Абад ишинин башталганына бир жыл болгондугуна карата кат жазды. Ал аны Facebook баракчасына жарыяланган.

«Бүгүн жерибиздин бүтүндүгүн коргоого аракет кылган Кемпир-Абадчылардын түрмөдө жатканына туура бир жыл болду. Бир жагынан ден-соолугубузду, эркиндигибизди жоготкон, жакындарыбызды азапка салган оор жыл болсо, экинчи жагынан өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгү, эркин Кыргызстан үчүн күрөшкөн сыймыктуу жылыбыз болду...Кыргыз жарандары дагы кандай гана оор болбосун, коркпостон эркиндик, адилеттүүлүк жана өлкө бүтүндүгү үчүн күрөшүшү керек. Ошондо гана биз жаңы эркин Кыргызстанды кура алабыз», — деп жазган саясатчы.

Ал оор убакыттар күчтүү жарандарды, тайманбас журналисттерди жана саясатчыларды жаратарын белгиледи.

«Садыр менен Камчынын бир жагынан авторитардык зөөкүр мамлекет куруп айткандарына нааразы болсом, экинчи жагынан жүздөгөн билимдүү, көрөңгөсү бар, тайманбас журналисттерди, жарандарды, жана саясатчыларды жаратып аткандрына ыраазы болом», — деди Равшан Жээнбеков.

Эске салсак, 2022-жылы 22-октябрда Кемпер-Абад суу сактагычын колдоо боюнча комитет түзүлгөн. Ага активисттер, саясатчылар жана парламенттин депутаттары кирген. Ошол эле күнү «Кабар» агенттигине курган маегинде президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад боюнча митинг-жүрүштөрдүн артында кимдер турганы тууралуу маалымат бар экенин билдирген.

23-октябрдан баштап массалык камакка алуулар башталган. Бийлик жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү деген айып менен 27 кишини кармаган. 

Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Бүткүл дүйнөлүк Кыйноолорго каршы уюм (OMCT), Норвегиянын Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду (HFHR), «Свобода сейчас» (Freedom Now) сыяктуу бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары камалган саясатчыларды жана активисттерди тез арада бошотууга чакырган.

Эң көп окулган жаңылыктар