10:47
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкекте экс-депутат Равшан Жээнбеков кармалды

Бишкекте экс-депутат Равшан Жээнбеков кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, мурунку эл өкүлү барымтага алуу жана массалык башаламандык уюштурууга шектелип жатат.

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын айтымында, Жээнбеков 48 саатка кармалды. «Ал ИИМдин тергөө кызматына сурак берди», — дейт Жолдубаева.

Мурунку депутат Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды. Буга чейин аны ИИМдин тергөөчүлөрү бир канча жолу суракка алышкан болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар