Ош облусу боюнча калкты электрондук түрдө каттоо иштери башталат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Эске салсак, өлкө аймагында калкты жана турак жай фондун каттоо ушул жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин жүргүзүлөт.
«Эл каттоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча шаардагы мекеме, ишканалардын жетекчилеринен турган комиссиянын курамы түзүлүп, алдыга бир топ милдеттер коюлду», — деп айтылат маалыматта.
Эл каттоо 10 жылда бир жолу болуучу республикалык деңгээлдеги иш-чара. Президенттин тапшырмасы менен каттоо электрондук түрдө жүрөт. Ал үчүн 54 миллион сомго планшеттер сатылып алынат. Улуттук статком бул ишти «Инфокомдун» жардамы менен ишке ашырмакчы.