Украинанын президенти Владимир Зеленский Тегеранда кулаган учакка байланыштуу бүгүн Украинада аза күтүү күнү деп жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Маалыматка караганда, бүгүн мамлекеттик желек түшүрүлүп, көңүл ачуучу иш-чаралар болбойт.
Украиналык учак бүгүн эртең менен Имам Хомейни атындагы эл аралык аба майданынан учуп чыккандан кийин кырсыктаган. Ирандын Авиация министрлигинин өкүлү Джаафар Заденин айтымында, учактын ичинде 167 жүргүнчү жана 9 экипаж мүчөсү болгон.