15:17
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Татарстан президенти Раиса Атамбаевага унаа белек кылды

Татарстан президенти Рустам Минниханов Алмазбек Атамбаевдын аялы Раиса Атамбаевага унаа белек кылды. Бул тууралуу КСДП билдирди.

Маалыматка караганда, Рустам Минниханов Раиса Атамбаеванын коомдук транспортто жүргөн сүрөтүн көрүп, ага кымбат балуу унаа белек кылды.

«Унаа менен бирге күйүүчү майга чыгымдарын жана айдоочунун айлыгын дагы которгон», — дейт партия.

Раиса Атамбаева Татарстан президентине ыраазычылык билдирип, коомдук транспортту колдонуу ал үчүн кадыресе көрүнүш экендигин белгилеген. 

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби