03:29
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

ӨКМ: Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт

30-декабрдан 31-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусу, Чычкан капчыгайы, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолу, Чапчыма ашуусу, Красная Горка — Ак-Таш унаа жолунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Эң көп окулган жаңылыктар