20:32
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

БШК Алмамбет Шыкмаматовдун депутаттык ишмердүүлүгүн расмий түрдө токтотту

Борбордук шайлоо комиссиясы Алмамбет Шыкмаматовдун депутаттык ишмердүүлүгүн расмий түрдө токтотту. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, чечим депутаттын арызынын негизинде кабыл алынды.

Эске салсак, «Ата Мекен» фракциясында күтүүсүз бурулуш болду. Алмамбет Шыкмаматов бүгүн мандатын тапшырып, партиянын курамынан чыга турганын билдирди. Ал Өмүрбек Текебаев мандатынан ажыратылып, «Жемкорлук» беренеси боюнча айыпталгандан кийин, аталган партиянын лидери болуп турган.

24.kg агенттигине фракциядан жеке булак билдиргендей, лидердик орун Садык Шер-Ниязга буюруп калышы мүмкүн. Аталган орунга Сайдулла Нышанов да талапкер болушу ыктымал. Дагы бир ысым- Абдимуктар Маматов аталууда. Ошондой эле Искендер Гайпкуловдун мүмкүнчүлүгү чоң.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума