23:08
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Алмамбет Шыкмаматовго карата кылмыш иши токтотулду

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовго карата кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты 24.kg агенттигине билдирди.

Айтымында, бул тууралуу УКМКнын тергөөчүлөрүнүн буйругу бар.

Бишкек шаардык соту эл өкүлүнө карата ишти биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарып, кайра иликтеп чыгууга берди. 2017-жылдын 17 февралында Эсеп палатасынын мурунку аудити Алмамбет Шыкмаматовго карата кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратуранын версиясы боюнча, ал тендердик билдирүүгө аялынын унаасын кошуп койгон. Анда унааны 13,5 миң долларга «Барат люкс» компаниясы сатып алган. Башкы прокуратуранын эсебинде, унаанын чыныгы баасы 10 миң доллардын тегереги гана болгон. Биринчи инстанциядагы сот Алмамбет Шыкмаматовду күнөөлүү деп таап, аны 5 миллион сомго айыпка жыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар