Бишкектеги Курманжан датка эстелигинин алдында жаңы жылдык жармаңке өтүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жармаңкеде ар кандай азыктар, кол эмгектери сатылууда.
Иш-чарага келген конокторго коомдук унаада жүрүү үчүн «Тулпар» картасы акысыз берилүүдө.
Белгилей кетсек, жаңы жылдык жармаңке 30-декабрга чейин уланат.
Эске салсак, буга чейин мэрия 2020-жылдын январынан тарта коомдук муниципалдык унааларга электрондук билет киргизүүнү кабарлаган.