Ысык-Көл облусундагы «Кумтөр» алтын кениндеги Лысый жээк өрөөнүндө дайынсыз болуп жаткан эки кызматкер дагы деле табыла элек. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, издөө иштерине 94 куткаруучу жана 38 даана оор техника тартылды.
Эске салсак, 1-декабрда аталган жайда жер көчкү жүрүп, эки киши дайынсыз болууда. ӨКМдин билдирүүсүндө, кырсык Лысый жээк өрөөнүндө үйүлгөн жараксыз катмардын кескин түрдө жылып кеткендигине байланыштуу болгон.