27-ноябрдан 5-декабрга чейин Орусиянын аймагына Кыргызстан менен Казакстандан мыйзамсыз ташылып бара жаткан 68 тоннадан ашуун жүктү алып өтүүгө аракет кылган 6 факты катталган. Бул тууралуу Орусиянын ЖМКсы жазды.
Маалыматка караганда, фитосанитардык көзөмөл жүргүзүү маалында Кыргызстандан ташылып бара жаткан алмалар (0,15 тонна), пияздын уругу, күрүч, лимон жана кургатылган жемиштердин (23,9 тонна) сертификаты жок болуп чыкты.
«Күрүчтүн маркировкасы менен документи жок болуп чыкты. Аталган жүктөрдү Орусиянын аймагына киргизүүгө тыюу салынып, күнөөлүүлөр административдик жоопкерчиликке тартылды», — деп айтылат маалыматта.