07:07
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Белгисиз бирөөлөр Бишкектеги банктардын биринин филиалын тоноп кетишти

Белгисиз бирөөлөр Бишкектеги банктардын биринин филиалын тоноп кетишти. Маалыматты 24.kg  агенттигине ИИМ тастыктады. 

Маалыматка караганда, карактоо фактысы бүгүн эртең менен катталды. Анда Сухэ Батор менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги банктардын биринин филиалы тонолду.

Алдын ала маалыматка ылайык, белгисиз кишилер жеке күзөт агенттигинин кызматкерин сабап, акчасын алышкан. Кылмышкерлерде ок атуучу курал болгон. 

Кайсыл банк тонолгону азырынча айтыла элек. ИИМ шектүүлөрдү издеп жатат. 

Эң көп окулган жаңылыктар