19:38
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкекте 2 жаран «Супер Арзан» дүкөнүнүн кассирин сабап, тоноп кетишти

Бишкекте белгисиз 2 жаран «Супер Арзан» дүкөнүнүн кассирин сабап, дүкөндү тоноп кетишти. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, дүкөнгө кара беткап кийген кишилер кирип келишкен. Алар кассирди жана күзөтчүнү ок атуучу курал менен коркутушуп, сабап салышкан.

«Тоноочулар болжол менен 35 миң сом уурдап качып кетишкен. Учурда шектүүлөрдү кармоо иш-чарасы жүрүп жатат», -деп билдирди ШИИББдан.

Эң көп окулган жаңылыктар