Ош облусунун көк-бөрү боюнча «Достук» командасы Таласта конок болду. Бул тууралуу топтун башчысы Манас Ниязов билдирди.
Ал Талас элине ыраазычылык билдирип, аргымак тартууланганын маалымдады.
«Касиеттүү Таластын элине ракмат. Мындай белектер көк-бөрүчүлөргө стимул болот. Ынтымагыбыз арта берсин», - дейт ал.
Белгилей кетсек, «Ынтымак» менен «Достук» өлкө чемпионатында башкы атаандаштар.