21:30
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Мыйзамсыз ташылып келе жаткан мандарин, көмүр, балык аныкталды

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан контролдук-өткөрмө пункттарына жакын жерден мыйзамсыз ташылып келе жаткан мандарин, көмүр, балык, күйүүчү-майлоочу май аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Ак-Тилек автожолу» контролдук-өткөрмө пунктунан тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок 120 ящик мандарин алып өтүүгө аракет кылган унаанын айдоочусу кармалган.

Ошол эле контролдук-өткөрмө пунктунан 28 тонна көмүр, 415 даана болот ванна жана поддондорду ташыган унаа кармалды. Айдоочуларда товарларды ташып келүүгө салык органынын салыктык каттоо жөнүндө маалымкаты болгон эмес.

«Чалдовар» контролдук-өткөрмө пунктунан Россиядан товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок 326 даана катапол чатырын алып өтүүгө аракет кылышкан. «Ак Жол» постунан 1 миң 50 килограмм тоңдурулган балык аныкталды, айдоочуда товарды алып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкатынын мөөнөтү өтүп кеткен. «Чоң-Капка» постунан унаага жүктөлгөн көмүрдүн астынан 1 миң 370 литр күйүүчү май (дизель отунун), 2 миң 267 даана бөлмө эшиктерин, ошондой эле 15,2 тонна жана 10,1 тонна үй буюмдары деп көрсөтүлгөн күмөндүү жүк алып бара жаткан 2 унаа кармалды.

Эң көп окулган жаңылыктар