16:27
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Президент чек араны тактоо иштерин тездетүүнү убадалады

Президент Сооронбай Жээнбеков чек араны тактоо иштерин тездетүүнү убадалады. Бул тууралуу өлкө башчы бүгүн 12-ноябрда, Бишкектеги Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарада айтты.

Өлкө башчысы чек ара региондогу эң курч маселе экенин белгиледи.

«Чек арадагы туруктуулукту сактоо — чектеш мамлекеттердин ортосундагы кызматташууну тереңдетүүгө жагымдуу шарт түзөт. Коңшу мамлекеттер менен болгон чек араларды тактоо жана аларды юридикалык жол-жоболоштуруу процессин тездетүүгө умтулабыз», — деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен такталбаган чек ара аймактары бар. Ал жерлерде такай чыр-чатактар, куралдуу кагылышуулар чыгып турат. Акыркы жолу, сентябрь айында Максат айылында кагылышуу болуп, бир кыргыз аскери, үч тажик аскери каза тапты.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби