21:20
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Кой-Таш окуясы. Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү бир пикирге келе албай жатат

7-8-августтагы Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү бир пикирге келе алышпай жатат. Алар макулдашылган корутунду долбоорун иштеп чыгыша элек. Бул тууралуу 24.kg агенттигине комиссия билдирди.

Клара Сооронкулованын айтымында, көптөгөн талаштуу учурлар пайда болду. Айрыкча корутундунун форматы боюнча, сунуштоо же баалоо мүнөзүндө болушу тууралуу.

«Мунун баары комиссиянын статусу башынан аныкталбагандан келип чыкты. Эгер биз бийликтегилерге сунуш бере турган болсок, анда биз кызмат адамдарынын жоопкерчилигин жазышыбыз керек. Мен УКМК, ИИМ жетекчилери тууралуу айтып жатам. Атайын операцияны ким ишке ашыра алган жок, эмне себептин аныктап чыгышыбыз керек. Баарын Алмазбек Атамбаевге шылтап коюш бул акылсыздык. Анын аракетине баа бере албайбыз. Комиссия -бул тергөө органы же сот эмес. Парламентке укуктук бааны берүү функциясын өткөрүп берүү биздин компетенциябызда эмес. Анын үстүнө Жогорку Кеңеш Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу тууралуу токтомду кабыл алганда, өз сөзүн айткан», — деди Клара Сооронкулова.

Белгилей кетсек, комиссиянын иштөө мөөнөтү 1-ноябрда аяктайт.

Эң көп окулган жаңылыктар