15:28
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Быйыл 9 айда республиканын аймагында 28 өзгөчө кырдаал катталды

Быйыл 9 айда республиканын аймагында 28 өзгөчө кырдаалдар катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 9 ай ичиндеги ишмердүүлүгү боюнча коллегиясында айтылды.

Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаалдын кесепетинен 11 жаран каза болду. Былтыр бул көрсөткүч 13 адамды түзгөн.

«Келтирилген материалдык чыгым 205 миллион 768 миң 300 сомду түздү. Былтыркы жылдын 9 айына салыштырмалуу быйыл өзгөчө кырдаалдардын саны 69,6 пайызга, ал эми келтирилген материалдык чыгым 82,7 пайызга азайган», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар