07:54
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өкмөт ата-энелердин чөнтөгүнө кол салбасын. Депутат окуучулардын тамагы тууралуу

Парламентте «Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө» мыйзам долбоору тууралуу талкуу болуп жатат. Маалыматка ылайык, өлкөнүн билим берүү мекемелеринин 60 пайызы ысык тамак менен камсыз болгон.

«Билим берүү министри Каныбек Исаков окуучуларды ысык тамак менен камсыз кылуу боюнча мыйзам долбоорун колдойт экен. Демек, ал өзү жакында чыгарган ата-энерлерден акча чогултпоо жөнүндөгү буйругуна каршы чыгып жатпайбы», -деди депутат Улугбек Ормонов талкуулоо жүрүшүндө билдирди.

«Мен деле бул мыйзам долбооруна каршы эмесмин, бирок анын ушул бойдон кабыл алынышына каршымын. Мыйзам долбоорунда ата-энелердин чөнтөгүнө кайрадан кол сала турган жоболор бар, азыр аны мыйзамдаштыргысы келип жатат. Окуучулардын тамактануусуна бөлүнчү 7 сомго кандай ысык тамак келиши мүмкүн? Мүмкүн эмес! Өкмөт ата-энелердин чөнтөгүнө кол салбай, тамак-ашка бөлүнө турган каражаттын өлчөмүн көбөйтүшү керек. Ансыз бул маселенин чечилиши кыйын», — деди ал.

Бүгүнкү күндө 625 миң 767 бала окуган (1-класстын окуучулары) 2 миң 265 жалпы билим берүү уюмдарында жана 1 миң 371 мектепте (1-4-класстын окуучулары) ысык тамак уюштурулган. Бул мектептердин 60 пайызын түзөт. Мектеп тамак-ашына 600 миллион сом бөлүнгөн. Дагы кошумча 88 миллион сом каралган.

Эң көп окулган жаңылыктар