20:22
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Ата-энелер окуучулардын тамагына карата арызданышкан. Комиссия кынтык тапкан жок

Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча комиссиясы № 95 мектеп-гимназияны эскертүүсүз зыярат кылышты. Бул тууралуу шаардык кеңештен билдиришти.

Маалыматка караганда, комиссиянын дарегине аталган мектептин окуучуларынын ата-энелери арыз жазышкан. Анда ысык тамак уюштуруу боюнча ашкананы ижарага алган кызматкер санитардык нормаларды жана эрежелерди сактабагандыгы айтылат. Мындан тышкары берилген тамактын салмагы аз экени да жазылган.

Аталган окуу жайдын ашканасын текшерүү маалында эч кандай эреже бузуулар аныкталган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар