14:01
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстандын мектептеринин дээрлик 60 пайызы ысык тамак менен камсыздалды

Кыргызстандын мектептеринин дээрлик 60 пайызы ысык тамак менен камсыздалды. Бул тууралуу БУУнун өкүлү Андреа Баньоли билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков менен жолугушканда билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө 200 миңден ашуун 1-класстан 4-класска чейинки окуучу ысык тамак ичет.

Билим берүү министринин айтымында, министрлик башка органдар жана өнөктөштөр менен бирге мектеп тамак-ашынын стандартын көбөйтүп, ашпозчуларды окутууну улантат.

Андреа Баньоли жаңы окуу жылында дагы 100 мектепке ысык тамак киргизилгенин белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар