07:06
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Тянь-Шань тоосунун чокуларынын бирине Турдакун Усубалиевдин ысымы берилди

Тянь-Шань тоосунун чокуларынын бирине Турдакун Усубалиевдин ысымы берилди. Бул тууралуу Дене тарбия, спорт жана жаштар мамлекеттик агенттигинен билдиришти. 

Агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев башында турган кыргызстандык альпинисттер кечээ Кыргыз тоо кыркасынын борборундагы ысымсыз чокуга чыгышты. Бул мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында уюштурулду. Алар чокуга Турдакун Усубалиевдин ысымы жазылган тактайчаны орнотушту.

10-октябрда Бишкектеги борбордук Ала-Тоо аянтында Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылган.

Эң көп окулган жаңылыктар