10:55
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы. Өлкө аймагында өтүп жаткан маданий иш-чаралар

Кыргыз ССРинин мамлекеттик ишмери Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгынын урматына өлкө аймагында маданий иш-чаралар өтүүдө. 24.kg агенттиги көрүнүктүү мамлекеттик ишмердин 100 жылдыгында кандай иштер аткарылып жатканын тизмектеди.

Эски аянтка ысымы ыйгарылды

Бишкектеги Эски аянт Кыргыз ССРинин мамлекеттик ишмери Турдакун Усубалиевдин ысымын алып жүрөт. Мындай чечим Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында кабыл алынды.

Депутат Асылбек Кадралиев Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу тууралуу докладчынын маалыматын угуп отурбай, дароо эле добуш берүүнү сунуштаган. Кесиптештери аны колдоп кетишти. Токтом долбоору профилдик комиссиянын корутундусун эске алуу менен кабыл алынды, токтом 2020-жылдын октябрынан тарта күчүнө кирет.

Эске салсак, февралда БШКнын кезектеги сессиясында Эски аянтка жана «Газпромдун» жаңы мектебине Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу мүмкүнчүлүгү тууралуу маселе каралган. Анын атына Бишкек шаарындагы Киев көчөсүн, Улуттук тарых музейин атоо сунушталган.

Ала-Тоо аянтында сүрөт көргөзмөсү ачылды

Бишкектеги борбордук Ала-Тоо аянтында Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды. Анда мамлекеттик ишмердин архивдик сүрөттөрү коюлган.

Иш-чарага мектеп окуучулары, Турдакун Усубалиевдин небереси, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Эрмек Усубалиев, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, шаардын вице-мэри Татьяна Кузнецова, шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, тарыхчылар жана шаар тургундары катышты.

Тянь-Шань тоосунун чокусуна ысымы берилди

Тянь-Шань тоосунун чокуларынын бирине Турдакун Усубалиевдин ысымы берилди. Бул тууралуу Дене тарбия, спорт жана жаштар мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев башында турган кыргызстандык альпинисттер кечээ Кыргыз тоо кыркасынын борборундагы ысымсыз чокуга чыгышты. Алар чокуга саясий ишмердин ысымы жазылган тактайчаны орнотушту.

Нарында сүрөт көргөзмө уюштурулду

Нарын шаарынын борбордук аянтында мамлекеттик ишмердин 100 жылдыгына карата сүрөт көргөзмө уюштурулду. Андан сырткары, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратында бул инсанга арналган бурч ачылды. Көргөзмөдө өмүр баяны, ал жетектеп турган мезгилдеги экономикалык, социалдык, маданий тармактардагы жетишкендиктеринин урунттуу учурлары чагылдырылган.

Ош жана Талас шаарларында илимий-практикалык конференция өттү

Ош жана Талас шаарларында Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция өттү. Анда автобиографиялык документалдуу тасма көрсөтүлүп, коомдук ишмердин жашоосун чагылдырган сахналаштырылган программа тартууланды.

Кочкордо 1 миң 230 окуучу катышкан флешмоб өткөрүлдү

Кочкордо 100 жылдык мааракеге карата 1 миң 230 окуучу катышкан флешмоб өткөрүлдү. Алар «Турдакун Усубалиевге 100 жыл» деген жазууну чагылдырышкан.

Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин ысымы ыйгарылат

Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин ысымы ыйгарылат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 18-октябрда Токтогул ГЭСине иш сапары менен келген учурда билдирген.



«ГЭСтерди курууга күчүн жумшаган Кыргызстандын баатырлары Акбаралы Кабаев, Курманбек Арыков араңыздарда отурат. Сиздерге ыраазычылык билдирем. Ошондой эле биз сыймыктанган саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин энергетика тармагында кошкон салымы зор. Күрп-Сай ГЭСтин курулушуна анын баа жеткис салымы бар. Ошондуктан аталган ГЭСке анын ысымын берүү чечимин кабыл алдык», — деди ал.

Мамлекет башчысы Турдакун Усубалиевдин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө болгон өзгөчө салымын белгилеген.

«Турдакун Усубалиев өлкөнү жетектеген чейрек кылымдын ичинде Кыргызстанда көп өзгөрүүлөр болгон, агрардык өлкөдөн биз индустриалдык өлкөгө айландык. Өзгөрүүлөр экономика, маданият жана жашоонун бардык тармактарында болду. Өлкөдө 100дөн ашуун өнөржай ишканалары ачылган, анын ичинде ГЭСтер, эл аралык «Манас» аэропорту, заводдор, музейлер. Ошондой эле анын өзгөчө жетишкендиги катары миңдеген сугат жерлерин өздөштүрүүнү атаса болот, ал мелиорация жана ирригацияга чоң көңүл бурган», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Турдакун Усубалиев 1961-1985-жылдары Кыргызстанды жетектеген.



Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума