16:23
USD 87.45
EUR 102.86
RUB 1.14

Суусамырдагы жол кырсыгында эки киши набыт болду

Суусамырда «Хонда Степвагон» жана «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаалар кагышып, 2 адам набыт болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсык Бишкек—Ош унаа жолунун 155-чакырымында болгон.

Кесепетинен 2 эркек киши каза болуп, 5 киши жабыркады. Куткаруучулар каза болгон адамдардын сөөгүн унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Жабыркагандар Жайыл райондук ооруканасына жеткирилди.


Эң көп окулган жаңылыктар