05:28
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Май куючу жайлардын жарымынан көбү коопсуздук талаптарына жооп бербейт

Бишкектеги май куючу жайлардын жарымынан көбү коопсуздук талаптарына жооп бербейт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин Муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулушу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиянын отурумунда маалым болду.

«Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын өкүлү Азирет Акимовдун айтымында, майда мэрия май куючу жайлардын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча жумушчу топ түзгөн.

«Шаардык кеңеш Токомбаев-Садырбаев-Жибек Жолу-Курманжан Датка менен чектеш аймакка май куючу жайлардын курулушуна каршы киргизилген мораторийди узарткан», -деди ал.

Бишкекте 96 май куючу станция иштейт. Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын маалыматына ылайык, анын 32си өрткө каршы талаптарга жооп бербейт. Жалпы 57 май куючу жай талаптарга жооп бербейт, анын ичинен 42си өрткө каршы талаптарга, 15и экологиялык жактан шаардын курулуш документтерине ылайык келбейт.

Эң көп окулган жаңылыктар