Ош шаарында унаа башкарып бара жаткан айдоочунун жүрөк оорусу кармап каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Окуя кечээ болгон.
1960-жылы туулган С.А. өзүнүн «ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып, кокусунан жүрөк оорусу кармап калган. Ал жолдун жээгинде токтоп турган унааны сүзүп, окуя болгон жерден каза болгон.
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды.