Бишкекте Mercedes үлгүсүндөгү унаа үйдүн дарбазасын сүзүп алды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ШИИББдан билдиришти.
Кырсык бүгүн таңкы саат 6 жарымдарда болгон.
Маалыматка караганда, айдоочу Фрунзе менен Буденный көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдүн дарбазасын сүзүп алган. Жабырылануучулар катталган жок. Айдоочуга жана үй ээсине материалдык чыгым келтирилди.

