10:14
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

«Кыргызстан» партиясынын съезди болот. Жаңы лидерди тандашат

22-сентябрь жекшемби күнү «Кыргызстан» партиясынын съезди болот. Бул тууралуу 24.kg агенттигине саясий бирикменин катчылыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин саясий кеңештин отуруму өтүп, анда съездде карала турган күндүн темасы бекитилген. Анда партиянын жаңы төрагасын шайлоо тууралуу маселе каралмакчы.

«Азыркы лидер ордун сактап кала алабы, азырынча белгисиз. Балким ал жаңы мөөнөткө шайланышы мүмкүн», -деп билдиришти штабдан.

Учурда «Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков, ал эми партияны Канатбек Исаев жетектеп турат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума