20:42
USD 87.00
EUR 90.64
RUB 0.85

30 ашык коомдук уюмдар «Доор чакырыгы» саясый кыймылын түзүштү

«Доор чакырыгы» саясый кыймылы түзүлдү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Бүгүн тегерек стөл өтүп, анда коомдук уюмдар саясый кыймылга биригүү чечимин кабыл алышкан.

Маалыматка караганда, ага «Элдик кыймыл: Люстрация», «Бирдиктүү Күч», «Манас Эл», «Улуу Курултай», «Кыр-гыз Жер», «Кыргыз Ынтымагы», «Достоинство», «Кыргыз Чоролору», «Аруу Дил», «Кыргыз Эл Жаштар Кеңеши», «Уулжан», «Кыргызстан Жаштар Кеңеши» — Ат Башы, «Үркөр Эли», «Адал Эмгек, Асыл Дөөлөт», «Сары Өзөн Чүй», «Байланыш ардагерлери», «Ыйман Адеп», «Абийир Эл», «АДС», «Кыргыз Республикасынын Ардактуу Инсандар», «Познай себя», «Калк Биримдиги», «Түн Акыл», «Анти-террор», «Элдик фронт» коомдук бирикмелеринин, «Жети дубан — кырк уруу кыргыз ынтымагы» элдик кыймылынын, «Ааламга Сапар», «АКСС», «Инсан Ийгилик» жана башкалар топтолду.

Кыймыл улуттук идеологияны иштеп чыгуу, мамлекеттүүлүктү бекемдɵɵ, экономиканы ɵнүктүрүү жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу максатын көздөйт.

««Доор Чакырыгы» Кыймылы бардык патриоттук маанайдагы, жарандык коомдун ак ниет жана таза өкүлдөрүн, саясий партияларды, массалык коммуникация каражаттарын, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга малын-баган жана укук бузуулардан алыс ɵкүлдɵрүн катарына чакырат», — дейт кыймыл өкүлдөрү.

Эң көп окулган жаңылыктар