13:56
USD 87.43
EUR 102.96
RUB 1.12

ӨКМ: Малчылар Суусамыр айылына мал жандыктары менен аман-эсен түштү

ӨКМнын куткаруучулары малчыларды Суусамыр айылына мал жандыктары менен аман-эсен түшүрүштү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, калың жааган кардан улам Суусамыр айылынын Сандык жайлоосунда койчулар мал-жандыктары менен калып калышкан. Чабандарды көчүрүп келүү максатында куткаруучу топ тартылып, малчыларды Суусамыр айылына мал жандыктары менен аман-эсен түшүрүшкөн.

Куткаруучулар учурда туруктуу жайгашкан ордуларына кайтышууда.

Эң көп окулган жаңылыктар