09:25
USD 87.45
EUR 101.71
RUB 1.12

Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп Алмасбек Абытов дайындалды

Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп өкмөттүк аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Алмасбек Абытов дайындалды.

Ал Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги буга чейинки өкүлү Ашырбек Темирбаевдин ордуна келди. Эске салсак, Ашырбек Темирбаев ушул жылдын 16-июлунда оорудан улам каза болгон.

Алмасбек Абытов эмгек ишмердүүлүгүн 1988-жылы Илимдер Академиясында инженер болуп баштаган. Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар