12:36
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Алмазбек Атамбаев тергөөчүлөрдүн суроосуна жооп берүүдөн баш тартууда

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев тергөөчүлөрдүн суроосуна жооп берүүдөн баш тартууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Сергей Слесарев билдирди.

Айтымында, Атамбаевге Кылмыш кодексинин бир канча беренеси боюнча кылмыш жасоого шектенүү тууралуу 14 билдирүү тапшырылган.

«Атамбаев күнөөлү деп эсептелүүдө. Бирок ал күнөөнү мойнуна алмак турсун, көрсөтмө дагы берген жок. Анын Кылмыш процессуалдык кодекстин нормасыны ылайык, жооп берүүдөн баш тартууга укугу бар», -деди жактоочу.

Эске салсак, УКМКнын атайын кызматы 7-августта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн басып алууга аракет кылган. Бирок, операция ийгиликсиз болгон. Башаламандык маалында 45 киши жаракат алган. «Альфанын» кызматкери октон каза тапкан.

8-августта атайын операцияны ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган, жыйынтыгында мурунку президент багынып берди. Ал УКМКнын тергөө абагына 26-октябрга чейин камакка алынды.

Алмазбек Атамбаевге укук коргоо органдарына карата зомбулук көрсөтүү, адам өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, жемкорлук айыбы тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар