23:10
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кеңсеси Ош шаарында жайгашкан 7-каналдын мүлкү камакка алынды

Кеңсеси Ош шаарында жайгашкан 7-каналдын мүлкү камакка алынды. Маалыматты 24.kg агенттигине КСДП тастыктады.

Маалыматка караганда, жамаатты телеканалдын имаратына киргизбей жатышат. Жабдыктарга мөөр басылды. Айрым билдирүүгө ылайык, телекомпания мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин медиаактивдерине кирет.

Кечээ Башкы прокуратура Атамбаевдин жана анын жакын туугандарынын 135 даана кыймылсыз жана кыймылдуу мүлкүн камакка алганын жарыялаган.

Маалыматка таянсак, камакка алынган мүлктүн тизмесин текшерүү үчүн, тизмени Башкы прокуратурага жиберишкен. Документтерди текшерүүдөн кийин 20 даана кыймылсыз мүлк белгиленген тартипте (Жал-23 кичи районундагы № 77 көп кабаттуу турак үй, аталган үйдөгү 18 батир) камактан бошотулду.

Эске салсак, буга чейин Апрель телеканалынын мүлкү камакка алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар