00:18
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Кыргызстанда жыл сайын 3 миллиард 300 миллион чылым чегилет

Кыргызстанда жыл сайын 3 миллиард 300 миллион чылым чегилет. Бул тууралуу журналисттерге тамеки индустриясынын эксперттери билдиришти.

Маалыматка ылайык, эркин соода дүкөндөрүнө 2 миллиард 800 миллион тамеки келип түшөт. Эксперттердин Кыргызстанга ошончо турист келээринен күмөнү бар.

Аналитиктердин баамында, контрабандалык жүк бажы салыксыз дүкөндөрдө отурукташууда. Анткени Кыргызстанда бажы салыксыз жүктөрдү ташып келүүгө чек коюлган эмес.

Эске салсак, Кыргызстанда аткезчилик жолу менен ташылып келинген жалпы жүктүн 20 пайызын тамеки түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар