14:33
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайына кошумча 48,8 миллион сом бөлүнгөн

Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайына кошумча 48,8 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын аталган окуу жайдын иши менен таанышуу учурунда айтылды. 

Окуу жайдын директору Кадырбек Эргешовдун айтымында, кошумча каражаттар жатакананы, окуу жана спорттук комплекстерди капиталдык оңдоого багытталган.

Алтынай Өмүрбекова оңдолуп жаткан объекттерди көрүп чыгып, окуу класстары, окуу жайдын тарбиялануучулары машыккан күрөш жана бокс спорттук залдары менен таанышты. Ал белгилегендей, бүгүнкү күнү окуу жай таланттуу спортчуларды тарбиялап жатат. Алар эл аралык аренада ийгиликтерге жетишүүдө. Бирок, тарбиялануучулардын жалпы билим деңгээлин жогорулатуу зарыл. Анын пикиринде, Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайы спортко жана билим берүүгө басым жасаган этиталык окуу жай болушу керек.

Кадырбек Эргешов бул жайдын окуу-материалдык базасын жана спорттук шаймандарды жаңылоого кошумча каражат бөлүүнү өтүндү.

Вице-премьер-министр өкмөт окуу жайдын тарбиялануучуларынын тамактануусуна бөлүнүүчү акчанын көлөмүн көбөйтүү, билимдин сапатын жогорулатуу үчүн окуу-материалдык базаны жакшыртууга акча бөлүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар