03:34
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

Вице-премьер Алтынай Өмүрбекованын жолдошу жол кырсыгына кабылды

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын жолдошу Нурлан Тургунбаев жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Алтынай Өмүрбекова тастыктады.

«Мен билген маалымат боюнча, окуя «Ала-Арча» коругунда 26-мартта саат 17:00 чамасында болгон. Азырынча ал жол кырсыгына кайсы жерден кабылганын так сураганга чамабыз келбей жатат. Бул тууралуу мага саат 18:00дө жанында жүргөн кесиптеши чалып айтты. Учурда абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө жатат», — дейт Алтынай Өмүрбекова.

Нурлан Тургунбаев Улуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүндө дарыгер болуп иштейт.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби