07:12
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Биринчи жарым жылдыкта 4 миң 800 жеке турак үй пайдаланууга берилди

2019-жылдын акыркы 6 айында жалпы аянты 551,3 миң чарчы метр болгон 4 миң 800 жеке турак үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Бул 2018-жылдын январь-июлуна караганда 15,1 пайызга көп.

Ишке киргизилген жеке турак жайлардын негизги үлүшү Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарына, ошондой эле Бишкек шаарына туура келди.

«2018-жылдын январь-июлуна салыштырганда бардык региондордо ишке киргизилген жеке турак жайлар көбөйдү, алардын ичинде көбүрөөк ишке киргизилген жеке турак жайлар Жалал-Абад облусунда — 29,5 пайызга, Ош шаарында — 22,9 пайызга, Бишкек шаарында — 17,5 пайызга, ошондой эле Ош облусунда — 14,5 пайызга өстү», -деп билдиришти комитеттен.

Эң көп окулган жаңылыктар